Жар-жар (исполнитель: М.Осмонов & К.Батырканова)
Кошулушуп эки жаш, Жуп болуптур жар-жар. Кубанышып эл-журту, Кут конуптур жар-жар. Толкуп келген мейманга, Той баштайбыз жар-жар. Болушунча аянбай, Бой таштайбыз жар-жар. Алтын ордо гүл бакча, Калалуу бол жар-жар. Артыңардан ээрчиген, Балалуу бол жар-жар. Ак элечек колго алып, Ыргап жүргүн жар-жар. Жакшы менен жаманды, Ылгап жүргүн жар-жар. Асманга учсун куш болуп, Ак тилегиң жар-жар. Ажырашпай бир жүрсүн, Ак билегиң жар-жар. Баскан жериң дайыма, Гүлдүү болсун жар-жар. Бүгүн курган жашооңор, Бүрдүү болсун жар-жар. Ырыс алды – ынтымак, Билип жүргүн жар-жар. Ата-энеге башыңды, Ийип жүргүн жар-жар.