Коктом эле (исполнитель: Салима Балтаева)

Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Калмурат Рыскуловдуку

Оо, анда көктөм эле, көктөм эле,
Жаңы эле жаз жамгыры төккөн эле.
Капкара карагаттай көзүң менен,
Карадың кирпик какпай көпкө неге?

Кайырма:

Сейилдеп бакта жүрсөк айта албадым,
Сен ошол көз карашты байкабадың.
Мээримиң төгүп турсаң көз нуруңан,
Мен неге байкабадым, байкабадым?

Болгондур байкабастык тагдырымда,
Тагдырдын тайыздык же тардыгында.
Сезимде от тутантып да карасаң,
Сен үчүн кечер элем бардыгынан.

Кайырма:

Негедир ошол жазды эстей берем,
Эстейм да, андай жазга мен жетпей келем.
Алиги сеникиндей көз карашты,
Аттиң ай, мен эч кимден сезбей келем.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Молдир ауелбекова сен  Ким харганаев  Саро варданян- гуляли  - Россия - Покров День  Jasmine villegas work  Эльдар не смогу забыть  Койда син 
О чем песня
Салима Балтаева - Коктом эле?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен