НАРЫНДАН ЖАЗГАН САЛАМ КАТ (исполнитель: Токтобек Асаналиев)

Жаш элек шайыр шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.

Толкунун жиреп абанын,
Учуна жетпей санаанын.
Убара болуп кылчаптап,
Артымды улам карадым.

Караган менен көрүнбөйт,
Капкайда калды карааның.
Элестейт бирок сүйкүмдүү,
Жароокер жалжал жамалың.

Бир букет гүлдү сунаарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат эсен баргын деп,
Узатып калдың вокзалдан.

Жөнөдүм Нарын калаага,
Ынагым сенсиң садага.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп,
Жүзүңдөн жаным садага.

Ойлосом болот көңүл шат,
Жолуксак деймин кайра бат.
Театр ачып жатканда,
Нарындан жазган салам кат.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Паззл  Evil Beauty Blackmill  Crumblin erb OutKast  Молодым умирать не страшно Денис Майданов  Петлюра - Жил мальчишка  She wolf sia  Daddy Cool Placebo  Magic power 
О чем песня
Токтобек Асаналиев - НАРЫНДАН ЖАЗГАН САЛАМ КАТ?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен