Жан эркем (исполнитель: НурЧолпон)

Ай чыкканда балбылдап,
Айды көрсөм сени көрүп тиктей берем жалдырап.
Айдай сезем элесиңди,
Айдан түшүп келесиңби?
Келесинби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?

Суу жээгинен кучактап,
Сууну көрсөм сени көрүп карай берем кылчактап.
Суудай көрөм элесиңди,
Суудан агып келесиңби,
Келесиңби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?

Арчадагы булагым,
Билдиңерби, көрдүңөрбү аскадагы уларым?
Кырдан издейм элесиңди,
Кырдан түшүп келесиңби?
Келесиңби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?

Жылдыз болуп койнума,
Кирип келчи, эркелетчи колуң коюп мойнума.
Жүрөк какшайт, не кылайын?
Кара көзүм, ананайын,
Ананайын, жан эркем,
Келесиңби деги сен?
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Puzzle лёша свик  Огленись  Shot -дотла  Верни мою любов  Forever Alone Follow Me Farewell Fighter  Жанабай отегенов-аяла  Dj Seroff feat MainstreaM One  Nika Lenina-No Game No Life 
О чем песня
НурЧолпон - Жан эркем?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен