Досторум (исполнитель: Дайыр Исмадияров)
Досторумду капа кылып албайын, Досторума бир сап ырды арнайын. Бирге көрүп бул жашоонун жыргалын, Ден-соолукта жүролүчү ар дайым. Жүрөктөрдү биз оорутуп албайлы, Тамашаны чындай кабыл албайлы. Бирөөлөрдүн кирип жаман тилине, Досторум эй, жүз карашпай калбайлы. Кайырма: Эй, досторум, досторум, Жаштык гүлү соолбосун. Жараткан соң силерди, Кудай өзү колдосун. Жаштык өтсө келбейт кайра кайрылып, Калгым келбейт мен достордон айрылып. Ойноп-күлүп өткөрөлү жаштыкты, Калбагыдай болуп кийин кайгырып. Жүзүңөрдөн күлкү нуру кетпесин, Кырсык куусун, бирок, такыр жетпесин. Арнап жазган ушул бир сап ырымды, Ар бир досум угуп мени эстесин. Кайырма: