Эне тил (исполнитель: Заманбап)

Кооз жерде төрөлгөм деп ойлойм ар дайым,
Төрт мезгил мекенимде күз, кыш, жаз, жайы.
Дайым элимдин алаканы жайык,
Жаратканым буюрса берет, баарыбызга нан жайып.
Мен ишенген адамдар бар, алар мага ишенет,
Бир максатты көздөсөк бошонобуз кишенден.
Бийик учуп, бүркүт сымал Ала-Тоонун үстүндө,
Кыргызстаным муктаж салым кошкон ар бир кишиге.

Кайырма:
Бул чыгарма меники, менин энекемдики,
Угармандыкы, сеники.
Бизге кыргыз тил сабагын берген эжекеники
Сөзү менин мекенимдики,
Сөзү менин энекемдики,
Бул жашоонуку, сеники,
Сага кыргыз тил сабагын берген эжекеники,
Сөзү кымбат кыргыз элдики.

Элимдин жаны менен барабар жерге,
Илгери ата-бабаларыбыз келген.
Улутум сүйлөсүн деп эне тил берген,
Урпагы сактасын деп мээнетин арнаган.
Сөз байлыкты баалаган, 
Күндөр өттү арадан.
Жер кургап жамгыр төктү,
Дале кыргыз деген бар адам.
Эй, жашайт мейкин ааламда,
Мен да эркин баратам.

Кыргыз тил сенин тилиң,
Менин тилим, эне тилим,
Жашайт дайым урпактарга берет билим.
Керек тилим сүйлөгөнгө,
Маселени чечкенге, маектешип түшүнүүгө,
Таарынычты кечкенге.
Кеч калба, эч алба, башка тилди биринчи орунга,
Эне тилиңди тиричилик орунда.
Эсиңдеби эне тилиң колуңда,
Сүйлөсө дейм кыргызча борборумда.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Sahro baby  Бэнтэн  Deema-Жара  Smell Yo Dick Borgore Remix Riskay  Something To Say MASHININ Stonevalley feat Shannon  Гуф и тгк  Jaya Radha - Madhava BB Govinda  Listen To Your Heart Shout Donny 
О чем песня
Заманбап - Эне тил?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен