Чагылган (исполнитель: Кыргызча ыр,авторун билбейм)

Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт, 
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт. 
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү, 
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
 Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп. 
Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк, Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
 Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
 Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
 Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп. 
Өппөдүм мен өппөйүн, өкүнүч көп, 
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп. Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң, Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
 Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп. 
Эгерде бирөө болсо менден бөлөк, 
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк. 
Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес, Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
 Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
АнтиДепрессант Podcast 07 15-o8-2o14 ТРАНСЛЯЦИЯ  В юности боль забывается  Гонщики  Can you save me apple trees and tangerines  Deva Premal - Om Gum Ganapatayei Namaha  228 - это статья такая Funt  Ms 13 
О чем песня
Кыргызча ыр,авторун билбейм - Чагылган?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен