Kyrgyz bii (исполнитель: Asema)
Отту кечип ойногон, Оюнга, ишке тойбогон. Оомал-төкмөл дүйнөнүн, Оош-кыйышын оңдогон. Ооргуп-баргып күч-кубат, Ооруу-сыркоо болбогон. Ошол кыргыз бий менен, Ойдолоктоп ойгоном. Кайырма: Эриндери бүлкүлдөп, Үкүлөрү үлпүлдөп. Кыздар бийлейт ийиктей, Ийиндери сүлкүлдөп. Карек күйгөн биликтей, Чарчаганды билишпей. Бийге дене жибитпей, Турган жигит жигитпи эй! Шамал менен жарышкан, Шам тилегин жагышкан. Шаан-шөөкөттүү кыргыз эл, Шаабайы аткан жарык таң. Шарактаган келин-кыз, Шайдоот жигит бери чык. Шай оогончо бийлейли, Шалкылдасын дене ысып. Кайырма: Бүткөн бойлор дүркүрөп, Жигит сүрү күркүрөп. Бийде кубат, күлкү көп, Бийле турбай мүңкүрөп. Бийле кары жаш дебей, Бийле кубат аз дебей. Бир келген бул өмүрдө, Бийлеп турган жакшы эмей.