адамга биринчи омур керек (исполнитель: Алтынай Нарбаева)

Адамга биринчи өмүр керек, 
Экинчи адамга көңүл керек. 
Кем-карчын ойлоочу, 
Кыйналсаң колдоочу, 
Өмүрлүк жарың керек. 
Өзүңдү тандаган, 
Өмүрүн арнаган, 
Түбөлүк жарың керек. 

Адамга биринчи өмүр керек, 
Экинчи адамга көңүл керек. 
Отуңду жакканга, 
Оорутпай бакканга, 
Атага бала керек. 
Урпагын улаарга, 
Арка бел тутаарга, 
Атага бала керек. 

Адамга биринчи өмүр керек, 
Экинчи адамга көңүл керек. 
Ысык чай куйганга, 
Ийилип сунганга, 
Энеге келин керек. 
Казаның жакканга, 
Өз ордуң басканга, 
Энеге келин керек. 

Адамга биринчи өмүр керек, 
Экинчи адамга көңүл керек. 
Энем деп келгенге,
Сырдашып кеткенге, 
Кыздарга төркүн керек. 
Кыйшайсаң таяган,
Кыйналсаң аяган, 
Кыздарга төркүн керек. 

Адамга биринчи өмүр керек, 
Экинчи адамга көңүл керек. 
Кайгыңды бөлгөнгө, 
Кубанычың көргөнгө, 
Кыйышпас достор керек. 
Намыска бек болгон, 
Эл үчүн чеп болгон, 
Кыйышпас достор керек. 

Адамга биринчи өмүр керек, 
Экинчи адамга көңүл керек. 
Миң жылдык кырды ашкан, 
Сындашпай сыйлашкан, 
Данакер куда керек. 
Баш кошкон теңдерге, 
Батасын бергенге, 
Данакер куда керек. 
Мага да ошол керек... 
Сизге да ошол керек... 
Адамга ошол керек...
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Brad Paisley Working On A Tan  - I Want it All  Final Hour Lauryn Hill  Montell Jordan This Is How We Do It  Just for Tonight Groove Armada  Montell Jordan Get It On Tonite  Montell Jordan Everybody 
О чем песня
Алтынай Нарбаева - адамга биринчи омур керек?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен