((мээрим ))чачып турса журоктордон очпойтко биздин суйубуз)) (исполнитель: Сыймык Бейшекеев)

Сөзү, обону С.Бейшекеевдики

Түн ортосу, жылдыздар толуп,
Жүрөгүмө махабат конуп.
Капысынан айтың мага бир сөз:
Калбасынчы сүйүүбүз соолуп.

Кайырма:
Саманчынын жолун карап,
Саамай чачың салаалап тарап,
Болдучу эми кетели дейсиң,
Түн ортодон ооп барат.

Кетиргим жок өзүңдү эркем,
Жаратканым сени энчилеп берген.
Жомоктордон издесем өзүңдү,
Жолугарым акыры сезгем.

Чоң жетиген жылдызың издеп,
Таң чолпонум, ыр арнаймын сиз деп.
Коомайланып өзүңдөн чоочуй,
Койдум мен да саамайың түздөп.

Түн ичинде экөөбүзгө эми,
Керектир го махабат мээри.
Мээрим чачып турсак жүрөктөрдөн,
Өчпөйт го дейм сүйүүнүн деми.
Алтын казык жылдызын кара,
Айлуу түндө ыр арнадым сага.
Менин сүйүүм көрүнөбү десем,
Күлө карап жылмайдың мага.

Үркөр-үркөр жылдызың кара,
Буурул таңда ыр арнадым сага.
Биздин жылдыз гана тапчы десем,
Күлө карап жылмайдың мага.
Саманчынын жолун кара,
Садагам ай, ыр арнадым сага.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Пшеница  Прости меня отец  Skambankt O dessverre  Break me heart  Coldrain-adrenaline  Skambankt Slukk meg  Skambankt Malin  Кто я для тебя 
О чем песня
Сыймык Бейшекеев - ((мээрим ))чачып турса журоктордон очпойтко биздин суйубуз))?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен