Акыркы Кат (исполнитель: K.A. ft. Бегиш & Назгуля)

Акыркы учкан катымды окуп түшүнгүн жаным,
Сен үчүн жаратып бермекмин бүт ааламдын баарын.
Өзүң деп ойлоп, өмүр бойлоп, карабайм мен башкаларын,
Ар дайым мени жыргатып жүрчү элең го түз айтарым.
Текке кеткен күндөр, сен үчүн үзгөн гүлдөр,
Сенин назик келбетиңди жанымда күндө күлгөн.
Кармашып колубуз жүргөн, жүрөгүм сезип жүрөт,
Карегиңден аккан жашыңды мен эстеймин күндө.
Тагдырымдын берген татаал убакыты болуп,
Ыр менен чыгарууну чечтим, жүрөгүм куса болуп.
Сүйүүнүн суугуна куса толуп,
Бошоттум сени толук.
Башка менин жолум,
Сен өз сүйүүңө жолук

Кайырма:
Жараланган жүрөгүм сен кайрадан козгодуң,
Жаралап сезимдерди мезгил келди сактап жүргөн,
Биз бирге түшкөн сүрөттү.
Сага арнаган күндөрүм өттү,
Сага жазган күүлөрүм өчтү.
Мага чалба эми чалба,
Мага жазба эми жазба,
Тагдырымдын татаал күндөрү өттү.

Эми ажырадың менден үзүлдү колубуз,
Ойлонбой кылган кадамың, үзүлдү жолубуз.
Мен да учамын сенден алыс, алыс тараптарга,
Коркпо, күчүм жетет жаңы сүйүүнү жаратканга.
Билем, сен деле билесиң жашоонун ырахат жолдорун,
Ишен, мен деле билемин калп айтпастан сен колдогун.
Эми алыс боломун карматпаймын колдорум,
Сагынганда угуп кой, обондордо боломун.
Кош бол, бош бол эми асманда учкан чымчыктай,
Ар дайым бийик бол, күндө жанган жарык жылдыздай.
Жүрөктү оюп кыйнаган окуяны укту Кыргызстан,
Менде болгон жомокту каалабаймын башкага.

Кайырма
Кайырма

Өттүбү күндөр сени ойго салган?
Учамын алыс жаңы сүйүү жаратам.
Эми баары элесимде калды,
Менин барым сага болду кайгы.
Жалган сүйүү алдады,
Биз экөөбүздүн күндөрүбүздү,
Сен мага болгон мээримиң төгө албай,
Сага болгон сөзүмдү айта албай,
Өттүбү күндөр сени ойго салган?
Учамын алыс жаңы сүйүү жаратам.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Sun Kil Moon Convenient Parking  Город Грозный Муцураев  Sun Kil Moon Ocean Breathes Salty  Sun Kil Moon The Light  Sun Kil Moon Heron Blue  Я выхожу на млечный путь  Sun Kil Moon Tonight The Sky  Sun Kil Moon Like The River 
О чем песня
K.A. ft. Бегиш & Назгуля - Акыркы Кат?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен