Кыргыз тилим (исполнитель: Арсен-)
Арсен-кыргыз тилим Сөзү: К. Тайчабаровдуку Обону: Арсендики Эне тилим, кылымдарды карыткан, Ата-бабам сактап келген, Өчүрбөгөн тарыхтан. Байыртадан келген, Залкар элим берген. Кайырма: Кыргыз тилим, ата-бабам сүйгөн, Кыргыз тилим, Манас баатыр күйгөн. Кыргыз тилим, улутумдун жүзү, Адабияттын көзү – кыргыз тилим. Эне тилди унутпай, Сүйлөйлүчү, кыргыздар. Сакташ керек кеч боло элек, Тилин сүйгөн уул-кыз бар. Нечен кылым көргөн, Орун алсын төрдөн. Кайырма: