Карагат көздөр (исполнитель: Даниэль)
Мен үчүн сен жаралгансып, Көрүнөсүң көздөрүмө сен, Так түшүрүп жүрөгүмө, Байландым бир өзүңө мен. Кайырма: Көздөрүң кара-кара карагат, Жүрөктү эзип жаралап. Сүйөмүн көздөрүңдөн сенин, Ак сүйүүм сага арналат. Тамшанып карай-карай беремин, Өзүңдү сүйсөм кантейин? Өзүңө арналган бул, Ырымды ырдап берейин. Жаралып сенин көздөрүң, Тамшандырат сенин сөздөрүң. Ансайын тартып өзүңө, Жүрөктү эзип жүрөсүң. Кайырма: Көздөрүң кара-кара карагат, Жүрөктү эзип жаралап. Сүйөмүн көздөрүңдөн сенин, Ак сүйүүм сага арналат. Тамшанып карай-карай беремин, Өзүңдү сүйсөм кантейин? Өзүңө арналган бул, Ырымды ырдап берейин.