Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)
Кыргызстан! Алга! Асманга жөлөк болгон тоолор менен, Ааламда бейиш, жери биздин мекен. Ак пейил, ар-намыстуу элибизди, Ала-Тоо - алтын бешик алдейлеген. Элибиз эң байыркы улуу элден, Эркиндик асабасын желбиреткен. Эр Манас баатыр баштап далай эрлер, Эзелтен Ата-Журтту сактап келген. Кайырма: Кыргызстаным менин мекеним! Кыргызстаным сенин мекениң! Кыргызстаным өркүндөй бергин! Кыргызстан - деп жашап келемин! Эл-Журтка дем-күч берген Ата-Мекен, Эң сулуу, кайталангыс, койну кенен. Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Таластай жер барбы экен? Асманга жөлөк болгон тоолор менен, Ааламда бейиш, жери биздин мекен. Ар дайым кыргыз жери, коногу мен, Ак пейил кыргыз эли, антка бекем