Кыргыз жери (исполнитель: Саламат Садыкова)

Сөзү: Т.Байзаковдуку
Обону: Апаз Жайнаковдуку

Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде.
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
 
Улуусуң кыргыз жери нурдан бүткөн,
Сулуусуң кыргыз жери нурдан бүткөн.
Ысык-Көл жердин көркү, кырлар - кашы,
Адырлар-көкүрөгү, токой-чачы.
 
Дайралар-кан тамыры, чоку-таажы,
Седеби, топчулары – ар бир ташы.
Кең түздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.
 
Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып, таң күлкүсүн ачкан кезде.
Көркүңө көрк кошулат кыргыз жери,
Сезилет ата-эненин мээримдери.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Владимир Высоцкий Le Vol Arrete  Владимир Высоцкий Летела жизнь  Hero of war минус Rise Against  Владимир Высоцкий Зарисовка из детства  Владимир Высоцкий Реальней сновидения и бреда  Владимир Высоцкий Песня гогера-могера 
О чем песня
Саламат Садыкова - Кыргыз жери?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен