Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)
Жайнатып обон жазсам да, Берметтеп сөздү тапсам да. Жалгызым алтын апам, Тең келбейт сага бүт аалам. Гүл кызың болуп өсөйүн, Гүлдөрдөн килем төшөйүн. Көңүлүм капа тартканда, Башымды катып жөлөөрүм. Кайырма: Каныкейимсиз, Жаңыл-Мырзамсыз! Кыз-Сайкалымсыз, Курманжан даткам! Кубанычымсыз, аткан таңымсыз! Алтыным, асылым, апам! Өйдөлөп өстү баркыңыз, Ак иштеп элге жактыңыз. "Элим" - деп күйүп дайыма, Эмгектен баар таптыңыз. Сөзүмдө бүтпөс жомогум, Төрүмдө сыйлуу коногум. Оорубай, узак жашаңыз, Арка бел, кубат жөлөгүм. Кайырма