Мен биринчи атаман (исполнитель: Нурлан Насип)
Досум эсиңде барбы, Ызы-чуу түшкөн мектептин алды . Бас десе баспай, жаз десе жазбай, Тажаткан күндөр эже-агайды. Кайырма: Мен биринчи атаман, сен экинчиде, Бирде сени келтектеп, бирде келтек жеп мен. Канча жолу мушташтык биз кыз талашып, Аттиң ошол күндөр калды кайда адашып? Досум бүгүн мен, сен да , Өзгөрдү баары, өзгөрдү эл да. Балалык кезим сенин да менин, Сагынтат бизди туулган жер да. Кайырма: Эх, доске эстей жүр дайым, Биз ойноп,өскөн мектептин багын. Тааныткан тамга сага да, мага, Унутпа дайым эже–агайды. Кайырма: