Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)
Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө, Жамгырдай толгон карек жашын сепсе. Жүрөгүм жашка эзилип келээр бекен? Жанымдын кыйналганын жаның сезсе. Кайырма: Сезбеди сагынганым сенин жаның, Саргартып кан жүрөктү ажарладың. Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным, Жутпадым сен жыттанган, Жутпадым сен жыттанган, Сүйүү балын. Айта албай убакыттын эрте-кечин, Сыялап сырлар жазат кагаз бетин. Кетипсиң кайра келбес сапарыңа, Калтырып махабаттын ыр-кесесин. Кайырма: Конбодуң чынарымдын бутагына, Кыспадың койнуң толо кучагыңа. Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң, Карматып кыпкызыл чок бутагыңа. Кайырма: