Нарындан жазган салам кат (исполнитель: Ашыраалы Айталиев)

Сөзү: Ашыралы Айталиевдики 
Обону: Ашыралы Айталиевдики 

Жаш элек шайыр шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.

Жөнөдүм Нарын калаага,
Ынагым сенсиң садага.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп,
Жүзүңдөн жаным садага.

Бир букет гүлдү сунаарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат баргын агай деп,
Узатып калдың вокзалдан.

Ойлосом болот көңүл шат,
Жолуксак деймин кайра бат.
Театр ачып жатканда,
Нарындан жазган салам кат.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Когда Ты Рядом Со Мной Lx24  Roya-sene gore  Никогда я не был на Босфоре Илона  Бумбумбум  Я с Тобою Fiesta Family  Леди гага папараци  Небо джиган и асти  Crystal castles transgender 
О чем песня
Ашыраалы Айталиев - Нарындан жазган салам кат?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен