Бир сени (исполнитель: Абир Касенов)
Абир Касенов - Бир сени Кусалыкка батты, Жүрөгүм кыйналды. Асылым сыздаба, Жолугабыз биз кайра. Өзгөнү сүйө албай, Бир сени унута албай. Кыйнаба жалгыз мени, Жүрөккө от салбай. Кайырма: Ар күнү сагынып, Кусага малынып. Арначы өзүңдү, Жүрөктү багынтып. Жалгызым кыйнаба, Кайрылчы сен мага. Арманым кыйнады, Азапка сен салба. Карагат көздөрүң, Сүйкүмдүү сөздөрүң. Шайырсың ар дайым, Сага мен ашыктым. Кайырма