Озунду энсейм (исполнитель: Кыз Бурак [Кенже Дуйшеева])

Сүйгөнүңө ишенгенмин, ишенгенмин берилип,
Кызганчу элем башкалардан, башкалардан теригип.
Көрбөй калсам бир мүнөткө, бир мүнөткө өзүңдү,
Бүткүл жашоом токтогондой, токтогондой сезилип.

Кайырма:
Эркелетип саамайымдан сылаган,
Күндөрдү эңсейм менден алыс узаган.
Өзүңдү эңсейм, арман, ай, аттиң, арман,
Чыкчу күнүм бар бекен бир кумардан?

Махабаттын жазын билбей, жазын билбей өмүрүм,
Тетир баскан караңгыдай, караңгыдай көңүлүм.
Миң мертебе суроо салам, суроо салам өзүмө,
Чын-жалганын билбей айткан сөзүңдүн.

Кайырма:

Азап салып койсоң деле, койсоң деле башыма,
Ал күндөрдү эстейм дайым, эңсейм дайым сагына.
Мен сүйүүмдүн жоготсом да, жоготсом да ачкычын,
Ыраазымын бир өзүңдүн, бир өзүңдүн барына.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
History-Tenacious d  Bulletproof (Dave Aude Cherry Radio Remix) La Roux  Агнец божий  Здесь даже солнца не видно!  Lisa Ekdahl Now Or Never  Lisa Ekdahl Nature Boy  Скажи мне что такое любовь 
О чем песня
Кыз Бурак [Кенже Дуйшеева] - Озунду энсейм?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен