Айтчы (исполнитель: Мирбек Атабеков & Бегиш)

Кайырма:
Айтчы,
Сен белең мени жашоодо күткөн?
Айтчы,
Сени издеп ааламды айланып бүткөм.
Мага бүт көңүлүм - сен,
Мага бүт өмүрүм - сен.
Өзүңдү элестетсем,
Мээримдей төгүлүп сен.
Айтчы,
Сен белең мени жашоодо күткөн?

Эй, досум карачы,
Жерге тийбей басканын.
Жүр, артынан ээрчийличи,
Карабастан башканы.
Узун чачтары артка ташталып,
"Сүйүп калдым" - деп айтпаймын,
Балким кетет башталып.
Жакын барып таанышып,
Бирибизге жагышып.
Көз караштар табышып,
Жылдыздардай жанышып.
Уялбастан карачы,
Мен Кыргыздын баласы!
Кадамымды саначы,
Толук ыктымал менин барышым.
Кантип мен мынча жыл,
Бир өзүңдү таппадым?
Кантип сендей сулуу,
Көз алдымдан баспады?
Тартип сенде бар экен,
Бүт аалам сага зар экен.
Тартынба айтуудан,
Катылган сырлар бар экен.

Кайырма

Жанып турган сезимимдин,
Козголгонун карачы.
Жагып калдың, бул чындык,
Сен колумду кармачы.
Кетели бирге жашоо жолунда,
Сени менен өмүр сонундай.
Мени эгер жактырсаң,
Бирге түшөлү сүйүү торуна.
Бекем кысып боорума,
Мен кармаймын колуңдан.
Даяр бол бирге болууга,
Адашпайсың жолуңдан.
Мен "Сен" - деп,
Сен "Мен" - деп,
Жетелей бакыттын соңуна.
Ишенсең мен да ишенем,
Суроом бар сенин жообуңа.
Айтчы, барбы бирөө,
Сени ойго салган күндө?
Уктатпай, күн батпай,
Сенин сезимдериң жүдөп.
Болсо эгер ошондой жигит,
Бузууга менин акым жок.
Болсом деймин оюңда сенин,
Күтөмүн, сенден анык жок.

Кайырма
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Суемын  Молокова  Ранма  Ытаама  Набиева  Marsik 
О чем песня
Мирбек Атабеков & Бегиш - Айтчы?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен