Арманым (исполнитель: Ильяз Абдразаков)

Түнү бою уктабастан ойго батам,
Көз ирмебей сен жөнүндө ойлоп жатам.
Кете бердиң кайрылбай,
Жок сүйүүгө арбалып,
Калдым мен жалгыз, күн өтөт сансыз,
Жок үмүткө алданып, ардагым.

Кайырма:
Жашаймын жан дүйнөм ооруп,
Сагыныч жүрөккө толуп,
Көңүлүм ачылбаган муздак түн болуп.
Күндөрүм күнгө окшошпой,
Күттүрүп кеттиң коштошпой,
Саргайып жүрөгүмдө толду арманым.

Сенин эми жүрөгүңдө башка адам, билем,
Билсем дагы мен баары бир өзүңдү эңсейм.
Жашоомдун кызыгы белең,
Сүйүүмдүн жылдызы элең.
Түшүнбөйм, жаным,
Ишенбейм, жаным,
Кеткениңе адашып.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Видео к песне:
Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Вика Крутая  Это моя душа  Камни города  Flagship  Птаха помню  Гуф он уходи  Тебя не люблю  Слова мюзикла 
О чем песня
Ильяз Абдразаков - Арманым?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен