Айдай сулуу (исполнитель: Айбек Замиров)
Карагаттай жалжылдаган көздөрүң, Жан дүйнөмдү эзип карайт мени. Турмуш мени гүлгө айлантса чөлдөгү, Булут белең төгүлгөн, аяп мени? Ай-ий... Айдай сулуу пери, Ай-ий... Арнайм сага сезим. Ай-ий... Көздөрүң - ай сенин, Качан байкайт мени? Айтчы деги. Кайырма: Жалгызым жүрөгүмдүн теңи, Карагат көздөрүң - ай сенин. Ар дайым сага арналат сезим, Бакытка толуп турган кезим. Жаңырган шыңгыр күлкүң жүрөктү эзгени, Жаным, мага жагат. Жан дүйнөм жалгызсырап, Жаным сыздап турган кезде, Жолуктум жалгыз сага. Ай-ий... Мөлтүрөгөн... Ай-ий... Көздөрүңөн... Ай-ий... Ай жүзүңдөн... Ай-ий... Аралайбыз бирге дүйнө кенен! Ай-ий... Ар бир күндө сүйө берем! Айдай сулуу каректериң үмүт берет! Кайырма