Отсутствует (исполнитель: Неизвестен)

Сага деген махабатымды арнадым мен,
Жүрөгүмдө сага айта албаган сезимимди.
Анан мага ачып ажарыңды, элесиңди,
Арбаласың сен, жаным.

Өзүң менин тагдырлашым, тапканым сен,
Өзгөлөргө жана башкаларга ачылбаган.
Жалаң мага чачып жалыныңды, илебиңди,
Күн нурундай сен, жаным.
Кучагымда сен, гүлзарым, багым,
Жүрөгүмдөсүң ар дайым.

Кайырма:

Жүзүндө жылдыз бар,
Жүрөктө чогу бар.
Ал сулуу – Аймончок,
Тилинде балы бар.
Күлкүсүн уксам дейм,
Гүлүмдү сунсам дейм.
Асманда ай болуп,
Ашыгып күтсөм дейм.

Сагынычты сага бөлүп, карааныңды издеп,
Жаным, сени көрүп, гүл жытыңды искеп.
Сагынамын сени, гүлүм, эстеп,
Махабатка тойбоймун.

Өмүрүмдү өзүң менен өткөрсөмбү бирге,
Өкүнүчтө калсам эгер арманым ал менде.
Тагдырыма мендик болуп жазса,
Бакытым деп ойлоймун.
Жүрөгүмдөсүң, махабатым да,
Сезимимдесиң жаным, бактым ай.
Послушать/Cкачать эту песню
Mp3 320kbps на стороннем сайте

Открытка с текстом :
Удобно отправить или распечатать
Создать открытку
У нас недавно искали песни:
Abba - Mama Mia  Папа Пацанский Стиль 2013 Мафик  Dark Shines Muse  Xzibit alcoholic  You are my hard  Bei Nacht Bushido  Still of the night  Eagles of death 
О чем песня
Неизвестен - Отсутствует?
2020 © Tekstovoi.Ru Тексты песен